Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Чүй облусу, Токмок 08.10.2018 10:36

Токмоктогу турнирде жеңүүчү болгон футболчулар акчалай сыйлык алышты (сүрөт)

Turmush -  Токмок шаарында 6-октябрь күнү жаштар арасында кичи футбол боюнча турнир өткөрүлдү. Турнирге жалпы 13 тайпа катышканын уюштуруучулардын бири Элчибек Эшенов билдирди.

Анын айтымында, иш-чаранын максаты — жаштарды ынтымакка, адептүүлүккө үндөп, жакшы ойногон таланттуу оюнчуларга колдоо көрсөтүү.

«Турнир Аймактарды өнүктүрүү жылына карата уюштурулду. Мелдешке 13 тайпа катышып, 1-2-3-орундарга ээ болгондорго жана мыкты чабуулчу, мыкты дарбазачы, мыкты коргоочу аталган оюнчуларга акчалай сыйлыктар тапшырылып, райондук спорт комитети медаль, дипломдорду ыйгарды. Мындан ары бул турнир жылына 2 жолу өткөрүлүп турмакчы», - деди ал.

Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду «Токмок кичи району» командасы, 2-орунду Чүй айылынын, 3-орунду «Скорпион» курама тайпасы жеңип алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×