Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Чүй облусу, Токмок 02.10.2018 16:32 На русском

Калыңга 3 кг алтын, 5 жылга жеткидей сеп... Токмокто дунган улутундагы эки жаш баш кошуп, өзгөчө той өткөрдү (сүрөт)

Turmush -  Мындан бир жума мурун Токмок шаарында дунган улутундагы 22 жаштагы Шамил менен 20 жаштагы Халичанын үйлөнүү үлпөт тою өттү. Тойдо эрке кыздын милдетин ырчы Алтынай Эгенбердиева аткарган. Ал эки жаштын өзгөчө тою тууралуу аймактык кабарчыга айтып берди.

Шамил менен Халича баш кошконго чейин жарым жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүшкөн.

«Булардын салты биздикинен башкача. Жигит кыз тарапка 1 килограммдан 3 килограммга чейин таза алтын берет. Бирок дасторконго, анча-мынча ырым-жырымдарга көп чыгым кыла беришпейт экен. Андан сырткары кыздын ата-энеси 5 жылга жетерлик сеп берет. Мен кыз узатуу тойго тамадалык кылдым. Ушул тойдо дагы бир өзгөчөлүктү байкадым. Кыз эмнегедир коноктор келип баштаганда кыбыланы карап отурду.

Баарынан кийимдери жакты. Көзгө жакшы көрүнөт. Жаңы келген келин бир айга чейин кооз кийинип, чач учтуктар менен жүрөт дешти. Тойдон мага кызды күйөө баланын үйүнө агасы, жеӊелери узатып барып, агасы көтөрүп киргизип берерин да айтышты», - деди ал.

Алтынай Эгенбердиева үйдүн алдына чемодан коюп коюшарын, ага келген коноктор акча саларын кошумчалады.

«Дасторконго жогоруда айтып өткөндөй көп деле чыгым кылышпайт экен. Бирок жергиликтүү тамактарды жасап, дасторкондун көркүн ачып коюшуптур. Мисалы, ши деп тамактын 105 түрүн жасашты.

Аларга тамаданын деле кереги жок экен. Болгону дискотеканы жакшы уюштуруш керек. Орус тилинде алып барып, дискотека уюштуруп, аягында 2-3 кишиге сөз бердим. Сынак, оюндарын да жакшы уюштуруу керек», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×