Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Чүй облусу, Токмок 27.09.2018 09:44 На русском

Токмокто милициянын каттоосунда турган жигит мыйзамсыз курал менен кармалды (сүрөт)

Turmush -  Токмок шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган 25 жаштагы жигит мыйзамсыз курал менен кармалды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Чүй ОИИББдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, 2018-жылдын 22-сентябрында болжол менен саат 23:50 чамасында Чүй ОИИББдин кызматкерлери тарабынан Кемин районунун 25 жаштагы тургуну Т.А. кармалган. Ал мурда тоноочулук, бейбаштык жана куралды мыйзамсыз сактоо менен соттолуп, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган.

«Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында анын спорттук сумкасынан 16 калибр мылтык 2 огу менен табылган. Бул факты Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренеси (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) менен кылмыш иши козголду. Шектүү убактылуу кармоочу жайга камалып, иликтөө иштери улантылууда», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×