Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Чүй облусу, Токмок 25.09.2018 12:42 На русском

37 жаштагы адамдын өлүмү: Шектүү 5 айдан кийин кармалды

Turmush -  Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 37 жаштагы кишини өлтүрүүгө шектелген адамды кармашты. Маркумдун денеси Бишкек—Торугарт унаа жолунда табылганы тууралуу маалымат 7-апрелде саат 11:25те келип түшкөнүн Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Айтылган дарекке ыкчам тергөө тобу жөнөтүлүп, азиат түспөлүндөгү 40-45 жаштагы адамдын зомбулук менен өлтүрүлгөн жансыз денеси табылган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексиндеги 97-берененин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иш козголуп, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Милиция кызматкерлери маркумдун өздүгүн аныктап, ал Бишкек шаарынын 37 жаштагы тургуну Л.В. экени такталган. Бишкек ШИИБ аны ушул жылдын 6-апрелинен бери дайынсыз жоголгон адам катары издеп жатышкан. Ыкчам тергөө иштеринин жыйынтыгында аталган кылмышты жасаган шектүү аныкталган. 13-сентябрь күнү адам өлтүрүүгө шектүү катары Чүй районунун 28 жаштагы тургуну К.Ж. кармалды.

Шектүү К.Ж.

Шектүү Токмок ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Болжолдуу маалыматтар боюнча, кылмышка маркум менен шектүүнү мас абалда урушканы себеп болгон.

Учурда милиция кызматкерлери кылмыштын бардык жагдайларын тактап, тергөө улантылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×