Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Чүй облусу, Токмок 24.09.2018 18:26

Бишкек—Торугарт унаа жолунда Кытайдан товар жүктөгөн «Фура» жолдон чыгып кетти (сүрөт)

Turmush -  Бишкек—Торугарт унаа жолунда Кытайдан келе жаткан жүк ташуучу унаа жолдон чыгып кеткен.

Маалым болгондой, окуя бүгүн, 24-сентябрда түнкү саат 01:00дө болгон. Күбөлөрдүн айтымында, «Фура» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа Кытайдан Бишкекти көздөй товар алып келе жаткан.

«Товарын башка унаага жүктөп кетишти. Унааны сүйрөп чыгууга мүмкүн болбогондуктан Кран чакырышты», - деп билдиришти күбөлөр.

Жабыр тарткандар жок. Айдоочу жалгыз болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×