Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Чүй облусу, Токмок 21.09.2018 23:13 На русском

Айыл турмушу: А.Мамыткулова апасынан калган эски ийик менен жип ийрип, Көчмөндөрдө 2-орунду алган (сүрөт)

Turmush -  Токмок шаарынын 59 жаштагы тургуну Анаркан Мамыткулова Көчмөндөр оюндарында ийик ийрип, 2-орунду алган. Учурда ал Чүй райондук маданият үйүндө көркөм жетекчи болуп эмгектенет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Анаркан Мамыткулова азыркы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство жана маданият университетин бүтүргөн.

«Мен өзүм Токтогул районунан болом. Учурда Токмок шаарында жашап жатам. Жумушумдан сырткары бош убактымда кол өнөрчүлүк менен алектенем. Кол өнөрчүлүктү өзүмдүн апамдан үйрөнгөм. Боз үйдүн жасалгаларын жасап, ийик ийрип, кыргыз улуттук кийимдерин тигем. Элекчек да оройм. Элечекти 30 жылдан бери ороп келем. Көчмөндөр оюндарында ушул өнөрүмдү дагы көрсөттүм. Ал эми ийик ийрүү сынагында республика боюнча 2-орунду алдым. Бул иш унутулуп бара жатат. Ошондуктан атайын сынактарды уюштурууну ойлоп жатам. Көчмөндөрдүн алдында күнүгө 2 сааттан ийик ийрип даярдандым», - деди ал.

Анаркан Мамыткулова Көчмөндөрдө апасынан калган эски ийик менен жип ийриген.

«Анткени иштелген ийик күлүк болуп, жакшы чимирилет экен. Ийиктин жыгачы табылгыдан, ташы суу таштан жасалган. Жаштар энелерибиз жасаган илгерки жумуштарды улантып кетишсе дейм. Келечекте нукура кыргыз буюмдары жана кийимдери сөзсүз модага айланат деп ишенем», - деди ал.

Анын учурда 3 кыз, 3 уулу жана 11 небереси бар. Жолдошу Ооган жеринде алган жаракатынан улам 22 жыл мурун каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×