Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Чүй облусу, Токмок 17.09.2018 16:06 На русском

Токмокто унаасы жарылып каза болгон мушкер Руслан Абасов атындагы спорт зал ачылды

Turmush -  Токмок шаарында белгилүү кикмушкер Руслан Абасов атындагы спорт зал ачылды.

Аймактык кабарчы билдиргендей, салтанаттуу аземге Руслан Абасовдун ата-энеси, туугандары, Токмок шаарынын мэри Данияр Амангелдиев, грэпплингдин негиздөөчүсү Кенжебек Чекиров, Эрежесиз эр уруш федерациясынын президенти Эмил Токтоганов жана башка шаардын активисттери, спортчулары менен тургундары катышты.

«Бул Руслан байкенин атындагы залды биз өтө чоӊ сыймык менен ачып жатабыз. Бул залды ачууга Токмок шаарынын Биринчи кичи районунун жаштары, Руслан Абасовдун иниси Мирбек Абасов, Бакыт Жетигенов, Тынай Жансейитов аттуу байкелер жана башкалар жардам беришти. Биз 2 боз үй тигип, ачылыш аземди салтанаттуу түрдө өткөрүп алдык», - деди машыктыруучу Турусбек уулу Азамат.

Маркум Руслан Абасов 1976-жылы Токмок шаарында төрөлгөн. Ал дүйнөгө таанымал спортчу, Кыргыз Республикасынын кикбоксинг боюнча эмгек сиңирген спортчусу, бокс боюнча эл аралык класстагы спорт чебери. 1995-жылы бокс боюнча Кыргызстандын чемпиону, 2002-жылы Кыргыз Республикасынын спартакиадасынын жана эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү, 2002-жылы Пусанда (Корея Республикасы) өткөн Азия оюндарынын катышуучусу, Гуанчжоудагы (Кытай) Азия чемпионатынын (2004-жылы), ушу-саньда боюнча дүйнөлүк чемпионатынын (1996-жылы) күмүш медалынын ээси. 1996-жылы кикбоксинг менен машыга баштаган. Алгач оор салмак боюнча (91 кг салмактан жогору) Кыргыз Республикасынын (1998-2000-2001-жылдары), Европанын (2003-жылы), Азиянын (2000-жылы), Евразиянын жана дүйнөнүн 2 жолку (1999-2003-жылдары), ошондой эле дүйнөнүн (2002-жылы) жана интерконтинент кубокторунун 2 жолку (2004-2005-жылдары) чемпиону, Кыргыз Республикасынын президентинин кубогунун жана эл аралык беттешүүлөрдүн (Кыргызстан Россия, Кыргызстан Италия, Кыргызстан Франция, Кыргызстан Ливан жана башка), эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү. Абасов 2003-жылы «Жылдын мыкты спортчусу» наамын алган.

Ал 2014-жылы 27-март күнү Токмок шаарында унаасы менен кошо жарылып, ооруканага жетпей көз жумган. Көзү тирүү болгондо быйыл 42 жашта болмок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×