Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Чүй облусу, Токмок 14.09.2018 08:10 На русском

Айыл турмушу: 75 жаштагы Сонункан апа улуттук кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстарды өтөт (сүрөт)

Turmush -  Токмок шаарынын 75 жаштагы тургуну Сонункан Байтемирова 50 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип келет. Кол өнөрчү апа менен аймактык кабарчы таанышты.

Сонункан Байтемирова 1943-жылы Ысык-Көл районундагы Чырпыкты айылында төрөлгөн.

«Мен Балыкчыдагы интернатта жатып, Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектепте окугам. 1961-жылы мектепти бүткөндөн кийин мени жетим калган бир туугандарым бакты. Андан соң турмуш жолуна аттанып, бала-чакалуу болдум. Жогорку окуу жайда окубасам да, кол өнөрчүлүк менен иштеп жүрдүм. Союз кезинде ашканаларда, мектептерде иштедим.

Кол өнөрчүлүк менен 7-классымдан тарта алектене баштагам. Энемден көп ишти үйрөнүп алгам. Мисалы, шырдак оюп, сайма сайганды үйрөнгөм. Учурда мастер-класс өткөрүп, жаштарга үйрөтөм. Тон, чапан, дамбал бычканды үйрөтүп, көрсөтүп берем. Мындан сырткары сайма, туш кийиз, элечек, белдемчилерди жасайбыз. Буйрутма болуп калса кыздын себин жасап, төшөк тигип берип калам. Ар кандай азем-белектерди жасайбыз. Аларды соодагерлер Кытайга алып кетүүдө. Өткөндөн кийин акчасын салып жиберишет. Мындан сырткары райондун "Шайыр апалар" тобу менен ырдап жүрөм», - деди ал.

Сонункан апа Көчмөндөр оюндарына да катышып, өз өнөрүн тартуулап келди.

«Көчмөндөргө барып, улуттук кийимдерибизди көрсөтүп бердик. Биз негизи салттуу кийимди алып жүрүүчүлөрбүз, ошол себептен мындай эл аралык иш-чарада улуттук кийимдерди даңазалоо – биздин милдет. Ошентип ал жактан 1-орунду алдык. Өрмөк, шырдак алып барып, шырыганды, ийик ийригенди үйрөттүк. Аркан эшмейди көрсөттүк. Ошондо бизди абдан көп журналисттер сүрөткө тартып жатты. Дүйнөнүн чар тарабынан келишкен экен. Кадимкидей сүрөттөрдөн башыбыз айланып калды», - деди ал.

Сонункан апа 6 уул жана 2 кыздуу болгон.

«Алты уулумдун экөө чарчап калды. Азыр 4 уулум жана 2 кызым, жыйырмадан ашуун небере-чөбөрөм бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×