Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Чүй облусу, Токмок 13.09.2018 09:52

Токмоктогу батирде камалып калган 85 жаштагы адамдын абалы оор болгон

Turmush -  Токмок шаарында батирде камалып калган 85 жаштагы тургундун ден соолугу оор абалда болгон.

ӨКМдин басма сөз кызматы 13-сентябрда маалымдагандай, 12-сентябрда саат 20:15те ӨКМдин 21-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Гагарин көчөсүндөгү №160 үйдүн 10-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

«Батирдин ичиндеги 1933-жылы туулган О.Р.А. аттуу жарандын ден соолугу оор абалда болгон. Ал тез жардам кызматкерлери тарабынан шаардык ооруканага жеткирилди», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×