Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Чүй облусу, Токмок 10.09.2018 17:08

Көчмөндөр оюндары: Токмоктук эки мушкер эрежесиз эр уруштан алдыңкы орундарга ээ болушту (видео, сүрөт)

Turmush -  Токмок шаарынын эки мушкери Ысык-Көл районунун Кырчын жайлоосунда өткөн Көчмөндөр оюндарында эрежесиз эр уруштан алдыңкы орундарга жетишти. Бул тууралуу машыктыруучу Мирлан Усманов билдирди.

«Республиканын бардык тарабынан мыкты деген жыйырма спортчу күч сынашты. Жыйынтыгында биздин Токмок шаарынан барган Нурадил Арстанбаев 2-орунду жеӊсе, Шабдан Сейитов 1-орунду багындырды. Баарынан ушул эки спортчунун беттеши кызыктуу болду десем жаӊылышпайм», - деди ал.

25 жаштагы машыктыруучу Мирлан Усманов 2 жылдан бери спортчуларды тарбиялап келет. Анын төрт окуучусу эрежесиз эр уруш боюнча спорттун чеберине талапкер болушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×