Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Чүй облусу, Токмок 10.09.2018 14:34

Сооронбай Жээнбеков жаңы судьяларды дайындады (тизме)

Turmush -  Президент Сооронбай Жээнбеков жаңы сотторду дайындады. Бишкек шаардык, Чүй облустук, Кемин, Сокулук райондук сотторуна жана Токмок шаардык сотуна судьяларды дайындоо жөнүндө жарлыктарга кол коюлду, деп билдирди бүгүн, 10-сентябрда өлкө башчынын басма сөз кызматы.

Буга чейин судьяларды тандоо боюнча кеңештин сунушу берилген болчу. Анын негизинде 5 жылдык мөөнөткө 6 судья Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп дайындалды.

Жаңы дайындалган судьялардын тизмеси:

- Бишкек шаардык сотуна — Молоев Дамир Жоомартович;

- Чүй облустук сотуна — Балкыбекова Дамира Абдыкадыровна жана Нурманбетов Эрмек Болотканович;

- Чүй облусунун Кемин райондук сотуна — Култаева Нурила Дукенбаевна;

- Чүй облусунун Сокулук райондук сотуна — Кумашев Жолдошбек Ильясович;

- Чүй облусунун Токмок шаардык сотуна — Карабекова Элмира Чондошовна.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×