Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Чүй облусу, Токмок 10.09.2018 12:13

Көчмөндөр оюндары: Ш.Сайитов эрежесиз эр уруштан 1-орунду багындырды (видео, сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарынын 20 жаштагы тургуну Шабдан Сайитов Көчмөндөр оюндарында эрежесиз эр уруштан 1-орунду багындырды. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, тоого чуркап, шаркыраган суунун жанынан машыкканды адат кылып алган.

«Спорт менен машыкканыма үч жылдын жүзү болду. Алгачкы эки жылым кикбоксинг менен өттү. Анда да көптөгөн мелдештерге чыгып, бир топ ийгиликтерге жетиштим. Үчүнчү жылдан баштап эрежесиз эр уруш менен алектенүүдөмүн. Ушул 3 жыл ичинде жалпы 9 беттешке чыктым. Анын алтоосунда 1-орунду багындыргам.

Негизи спортко аябай кызыгам. Мага эч ким деле түрткү болгон жок, өзүмдүн ынтызарлыгым менен келдим. Жаӊы машыгып баштаганда эӊ биринчи тай бокста казак мушкери менен беттешке чыккам. Ошондо тажрыйбанын жоктугунан чынында кыйналгам. Коркуу сезим да болгон. Ошентип алгачкы беттеште атаандашыма жеӊилип бергем. Бирок кийинки беттештерде жүрөк курчуйт экен. Өзүӊ да тажрыйбалуу боло баштайт экенсиӊ», - деди ал.

Шабдан Сайитов: «Биз беш күн спорт залда болобуз. Күнүгө кечки саат 18:00дөн саат 21:00гө чейин машыгууну улантабыз. Эки күн эс алуу болот. Бирок мен ал эки күндү да текке кетирбей, Кой-Таш айылындагы тоого барып чуркап, шаркыраган суунун боюнда машыгам. Таза абада машыксаң чыйрак да болосуӊ», - деп кошумчалады.

Мушкер Токмок шаарында 1998-жылы төрөлгөн.

«Үй-бүлөдө беш бир туугандын эӊ улуусумун. Учурда ата-энем менен чогуу турам. Азырынча чет өлкөлөргө чыга элекмин. Бирок кудай буюрса аракетим жакшы. Дүйнө жүзүнө Кыргызстандын желегин желбиретем деген үмүттөрүм бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×