Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Чүй облусу, Токмок 04.09.2018 11:57

Токмоктук жаштар эмчек рагына кабылган энеге каражат чогултушту (сүрөт)

Turmush -  Токмок шаарынын жаштары 3-баскычтагы эмчек рагына кабылган 28 жаштагы Гүлбарчын Жолдошбековага акция аркылуу акча каражат чогултуп беришти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга уюштуруучулар билдиришти.

Гүлбарчын Жолдошбекова Ысык-Көл обусунун Ысык-Көл районуна караштуу Бостери айылында 1990-жылы жарык дүйнөгө келген.

«Анын дарылануусуна бүгүнкү күндө 150 миӊ доллар акча каражаты керек. Ошол себептен биз ага жардам берүүнү чечип, атайын акция өткөрдүк. Азырынча бизде 20 миң 514 сом чогулду», - деп билдиришти шаар жаштары.

Гүлбарчын Жолдошбекова Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинен билим алган. 3 баланын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×