Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Чүй облусу, Токмок 01.09.2018 11:52

Эгемендүүлүк күнү: Токмокто шаардыктар үчүн спорттук мелдештер уюштурулду (сүрөт)

Turmush -  Токмок шаары менен Чүй районунда Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгы белгиленди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, борбордук аянтка майрамга келгендерди Токмок шаарынын мэри Данияр Иманалиев жана шаардык кеӊештин төрагасы Тилек Солтобаев Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгы менен куттукташты. Андан соң, шаар тургундарына «Манас» эпосунан үзүндү көрсөтүлүп, чоң программадагы концерт тартууланды. Ошондой эле, шаардыктар үчүн кол күрөш, чоюн көтөрүү сыяктуу спорттук мелдештер уюштурулду.

Ал эми Чүй районундагы маданият үйүндө концерттик программа менен коштолгон чакан иш-чара болуп өттү. Ага эки жүзгө жакын тургундар катышып, аларды аким Каныбек Апбасов куттуктады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×