Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Чүй облусу, Токмок 03.09.2018 16:31

Жаш талант: 14 жаштагы дзюдочу Аман апасынын кеӊешинен кийин спортко келген (сүрөт)

Turmush -  Токмок шаарынын 14 жаштагы тургуну Максат уулу Аман 7 жашынан бери спорт менен алектенип келет. Ал апасынын берген кеӊешинен кийин спортко аралашкан. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«2010-жылы Сокулук районунун Сокулук айылындагы №2 орто мектебинин босогосун аттагам. Азыркы учурда 8-классты аяктап, Ш.Сыдыков атындагы спорт мектебинде билим алып жатам. Бул мектепке 500дөй бала тапшырганы барыптыр. Алардын ичинен канчасы өткөнүн билбейм, бирок мен жогору баа алып өтүп кеттим.

Негизи спортко кичинекей кезимден бери кызыгам. Биринчи жолу 7 жашымда эркин күрөшкө катышып баштагам. Бирок бара-бара дзюдого өтүп кеттим. Профессионалдык спорт менен машыкканыма 2 жылдай болуп калды. Ушул эки жылда чет өлкөлөргө чыгып, алдыңкы орундарга ээ болуп, көп ийгиликтерге жеттим. Келечекте мамлекетибизди дүйнөгө таанытып, кыргыз желегин желбиретсем деген кыялым бар. Спорт мага дайыма дем-күч берет. Кудай буюрса Азия, дүйнө чемпиону болом», - деди жаш спортчу.

Максат уулу Аман 2004-жылы 4-августта Токмок шаарында туулган.

«Спорт менен алектенип калышыма апам Максат Кыдыралиева түрткү болду. Атам менен апам кичинекей кезимде ажырашып кетишкен. Апам ар дайым мага намыстуу, тың, эр жүрөк болушуӊ керек деп айтып келет. Мен апамдын бизге болгон камкордугун көрүп, ичимден "Апам — менин жашоом, дүйнөм, кымбатым" деп айтып келем. Үйдө эки бир тууганбыз. Карындашым Наима 3 жашта», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×