Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Чүй облусу, Токмок 30.08.2018 11:25

Айыл турмушу: Ат жалында татаал трюктарды жасаган Б.Сейитбеков Көчмөндөр оюндарында эр сайышты даңазалайт (сүрөт)

Turmush -  Токмок шаарынын 17 жаштагы тургуну Баяман Сейитбеков буга чейин эркин күрөш боюнча республикалык мелдештерге катышып келсе, 2 жылдан бери эр сайыш менен алектенип келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, артына от илип алып ат чаап, катуу жүгүрүп бара жаткан күлүктүн алдынан өтүп жана атка сүйрөлүп оор трюктарды жасай алат.

«Кичинекейимден ат жалында өстүм. Бул эр сайышка бардык эле балдар жарай бербейт. Буга жүрөгү курч, билегинде күчү барлар гана жарайт. 2-классымдан баштап эркин күрөшкө катышып, Кыргызстандын чемпионатында 5-орунга ээ болгом. Эр сайышка кызыкканыма 2 жылдай болуп калды. Эӊ башында досум экөөбүз кызыгып, чогуу машыктык. Бир жолу экөөбүз эр сайышка чыгып, ал мени найза менен сайып өткөндө таштак жерге жыгылдым. Ошондо атка сүйрөлүп, буттарымды сыйрып алгам. Ата-энемден тил уксам да, кызыкканымдан кайра эле эр сайышка бара бердим. Азыр такшалып калдым. Жыгылгандын да ыгы бар. Майрамдарга атайын көрсөтмө оюн катары алып чыгабыз. Аркабызга от илип алып ат чаптырабыз. Чаап баратып аттын алдынан өтүп, кайра күлүккө сүйрөлөбүз. Мындан атка сүйрөлгөн кыйыныраак. Эр сайышка түшкөндө элден сүрдөп, кулап калбайын деп аракет кылабыз. Найзанын сүрү болот экен. Найзаны сага такап келе жатса, алгач жалтаӊдап кетесиӊ, бирок көнгөндөн кийин коркпой калат экенсиӊ», - деди ал.

Жаш балбан учурда Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярданып жатат.

«Чүй облусунан 6 бала тандоо турга катыштык. Андан экөөбүз гана жарап, Көчмөндөр оюндарына бармай болдук. Эр сайыш федерациясына кирип, 1 жылдан бери тынбай машыгып келе жатабыз. Кудай буюрса, Көчмөндөр оюндарында кыргыздын эр сайыш өнөрүн бийик деңгээлде көрсөтө алабыз деп ишенем», - деди ал.

Баяман Сейитбеков Токмок шаарында 2001-жылы 20-октябрда төрөлгөн.

«Үй-бүлөдө 2 бир туугандын улуусумун. Атам – Бакыт Ниязов, апам – Аида Ниязова жана иним – Сейитбек Адылхан. Өзүм болсо Токмок шаарынын Калыгул айылындагы Т.Оӊолбаев атындагы орто мектепте 11-класста билим алам. Мектепти бүткөндөн кийин Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында билим алууну көздөп турам. Эркин күрөш жана эр сайыш менен алектенип, бир топ ийгиликтерди багындырып, Кыргызстандын атын чыгарсам деген тилектерим бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×