Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Чүй облусу, Токмок 28.08.2018 18:32 На русском

Токмокто эркек кишиге бычак сайды деп шектелген депутаттын окуясы иликтенүүдө

Turmush -  Айрым интернет басылмалары Токмок шаардык кеӊешинин депутаты Чүй районунун 36 жаштагы тургунуна бычак сайганын жарыялап чыгышты. Бул маалыматтын чын-төгүнүн аймактык кабарчы тактап чыкты.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 26-августта Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү ооруканадан бычактан алган жаракаты менен эркек киши түшкөндүгү тууралуу билдирүү келген. Бул билдирүү боюнча ыкчам тергөө тобу чыгып, окуянын чоо-жайын такташкан. Анда аталган күнү болжол менен эртеӊ менен саат 7:30-08:00 чамаларында Токмок шаарындагы мал базардан белгисиз адам Чүй районунун 36 жаштагы тургунуна бычак сайгандыгы белгилүү болгон. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренелери (адам өмүрүн кыюуга аракет жасоо) менен кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертизалар дайындалган болчу.

«Биздин тергөөчүлөр ооруканага барган кезде жабырлануучу Н.Т. кандайдыр бир түшүндүрмөлөрдү берип, арыз жазуудан баш тарткан. Бул боюнча акт түзүлдү. Бирок кээ бир массалык маалымат каражаттарында Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы кылмышка шектүүнүн тууганы деп айтылууда. Бул маалыматты четке кагабыз. Ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси жабырлануучу менен шектелип жаткан кишиге тууган эмес», - деп айтылат маалыматта.

Ал эми Токмок шаардык кеӊешинин төрагасы Тилек Солтобаев бычак саюуга шектелген киши шаардык кеңештин депутаты экенин тастыктады.

«Биз шаардык ички иштер бөлүмүнөн бул окуяны сураганда, алар жабырлануучу эч кандай түшүндүрмө, арыз бербегенин билдиришти. Кээ бир сайттар ШИИБдин жетекчиси менен Т.Ж.нын туугандык жакындыгы бар деген маалымат таратып жатат. Бул жалган сөз. Алардын туугандык жакындыгы жок. Биздин балдар жабырлануучу менен жолугуп сүйлөшсө, ал "мен маалымат каражаттарына эч нерсе деп айткан эмесмин" дептир. Негизи булардын ортосунда талаш-тартыш маселе бар болчу. Ачык айтканда шайлоого байланыштуу болчу. Булар мурун дагы чоң ызы-чуу болуп урушкан. Сот иштери жүргөн. Күбөлөрдүн айтымында, бул жолу жабырлануучу менен шектүү мал базардан уруша кетишиптир. Жабырлануучунун жанындагылар Т.Ж.ны кармап сабап башташканда, ал качып кеткенге үлгүрүптүр. Бычакты кайсы убакта сайганын билбей калышыптыр», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×