Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Чүй облусу, Токмок 28.08.2018 11:51

Токмоктогу Ленин көчөсүнүн тургундары каражат чогултуп, жолдун жыртык-тешигин оңдоп жатышат (сүрөт)

Turmush -  Токмок шаарындагы Ленин көчөсүнүн тургундары өз каражаты менен 2 чакырымга чейин созулган жолдун жыртык-тешигин жамап жатышат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган көчөнүн жашоочулары билдиришти.

«Жергиликтүү бийлик көңүл бурбай койгондуктан, бул ишти өзүбүз колго алдык. Азыр ар бир үйдөн каражат чогултуп, шаймандарыбыз менен жолдун жыртык-тешигин жамап жатабыз. Негизи жолду Ворошилов көчөсүнө чейин жасап келип, бизге жеткенде токтоп калган. Былтыр да ушинтип оӊдогонбуз. Бирок анда төгүп койгон шагылыбыз кайра эле керектен чыгып калды», - деп билдиришти тургундар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×