Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Чүй облусу, Токмок 27.08.2018 22:29

Айыл турмушу: 18 жаштагы Айсезим жаштар менен тажрыйба алмашуу үчүн Ысык-Көлдү кыдырууда (фото)

Turmush -  Токмок шаарынын 18 жаштагы тургуну Айсезим Керимбекова учурда Ысык-Көл облусун кыдырып жүргөн чагы. Ал жаштар менен тажрыйба алмашуу максатын көздөйт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Айсезим Керимбекова: «Бул иш-чаранын максаты — жаштарды ынтымакка чакырып, бири-бирибизден көп ишти үйрөнүү. Тактап айтканда, жети дубандын жаштары бири-бири менен тажрыйба алмашат. Мисалы, мен туризм багытындагы окуу жайга быйыл өттүм. Мага Кыргызстанымдын булуң-бурчун кыдырып чыгуу маанилүү жана зарыл. Иш-чаранын алкагында "Миграция жана радикализация" темасында тренингдер өтүлүп, немис уюму менен тажрыйба алмашабыз.

Биринчи күнү Балыкчыдан Чок-Тал айылына чейин велотур болду. Ал Балыкчыдан Чолпон-Атага чейин болчу. Бирок аба ырайына байланыштуу Чок-Талдан токтоттук. Андан соң Ысык-Көлдүн ар кайсы райондорунун, шаарларынын жаштары тосуп алып, экскурсияга чыгарып жатышат. Биз Балыкчы, Чолпон-Ата, Каракол шаарларында, Кырчын жайлоосунда болуп, Тоңго бара жатабыз», - деди.

Айсезим 2000-жылы Токмок шаарында төрөлгөн. Быйыл 11-классты аяктап, Бишкек шаарындагы Туризм академиясына кабыл алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×