Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Чүй облусу, Токмок 27.08.2018 17:11

Атаандашын сулата чапкан мушкерлер: Токмоктогу эр таймаштын жеңүүчүлөрү аныкталды (сүрөт, видео)

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарында 25-август күнү кулатуу эр таймаш боюнча эл аралык мелдеш уюштурулду. Анда Өзбекстандан келген 8 мушкер жана Кыргызстандын аймактарынан топтолгон 44 мушкер күч сынашты, деп билдирди аймактык кабарчы.

WEF панкратион машыктыруучусу Мирлан Усмановдун айтымында, мелдеш абдан кызыктуу өтүп, маданият ордосунун залына күйөрмандар батпай калды.

«Мелдешке 44 мушкер катышып, 22 жуп болду. Анын ичинен Токмоктон 7 спортчу чыкты. Нарын, Ош, Ысык-Көл облустарынан жана Өзбекстандан, Тажикстандан келген спортчулар өз күчтөрүн сынап көрүштү», - деди ал.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

- 1998-жылы туулган Эдил Эсенгулов (77 кг салмак даража) техникалык нокаут менен Шабдан Сеитовду;

- Жасур (93 кг салмак даража) атайын ыкма менен Бахтияр Кариевди;

- Азамат Карабеков (57 кг) атайын ыкма менен Алманбет Нустратилланы;

- Шакир уулу Хуштарбек (57 кг) калыстардын чечими менен Акназар Айтиевди;

- Али Беляев (57 кг) атайын ыкма менен Бексултан Кеңешбековду;

- Жайлообек Орозбеков (57 кг) муунтуу ыкмасы менен Афтандил уулу Аскарды:

- Нурсултан Нурдинов (57 кг) муунтуу ыкмасы менен Сардор Шароповду;

- Шералы уулу Исхак (61 кг) муунтуу ыкмасы менен Айбек Калмурзаевди;

- Марсбек уулу Бактыбек (61 кг) атайын ыкма менен Марат уулу Жакшылыкты;

- Акниет уулу Миңбашы (61 кг) техникалык нокаут менен Шамил Исмаиловду;

- Нурлан Кудайбергенов (61 кг) техникалык нокаут менен Шахзодбек Турсуналиевди;

- Манас Таштанбеков (61 кг) техникалык нокаут менен Уларбек Жаркынбаев;

- Бактыжан Рахматуллаев (61 кг) техникалык нокаут менен Зафар Сабировду;

- Тыныстан Алынбеков (66 кг) техникалык нокаут менен Иброхим Абдикаримовду;

- Саламбек Талев (66 кг) муунтуу ыкмасы менен Жахоингир Байманды:

- Адилет Хуптуев (71 кг) техникалык нокаут менен Шахзод Очиловду;

- Жылдызбек Ураимов (71 кг) калыстардын чечими менен Аскарбек уулу Хабини;

- Темирбек уулу Урмат (71 кг) муунтуу ыкмасы менен Алиев Аслярды;

- Жакып Турганбаев (77 кг) техникалык нокаут менен Чынтемир Каримовду;

- Исабек Махаматалиев (77 кг) техникалык нокаут менен Даврон Тоштемировду;

- Курманбек уулу Чербек (93 кг) муунтуу ыкмасы менен Бактияр Кариевди жеңип алды.

Мелдешти «Барс Токмок» профессионалдык мушкерлер клубу Токмок шаардык мэриясы менен бирдикте уюштурду. 24-августта шаардык аянтта мушкерлер салмакка түшүп, жазылып, көз караштар беттеши көрсөтүлгөн болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×