Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Чүй облусу, Токмок 22.08.2018 12:17

Курман айтта кыйылган өмүр: Эки бөбөктүн атасы кант диабети менен ооруп, үй-бүлө соода менен жан багышчу

Turmush -  Токмок шаарында турак үй өрттөнүп, анын кесепетинен 5 жаштагы жана 3 жаштагы 2 бала каза болду. Алардын туугандарынын бири Бахрам аймактык кабарчыга жабыр тарткан үй-бүлө тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, кырсык кечээ, 21-августта эртең менен болгон.

«Жаман окуя болду. Азыр ата-энеси шок абалда, аябай жаман болуп жатышат. 50 жаштагы атасы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, кант диабети менен ооруп, жакшы баса албай калган. Кара жумушка такыр жарабайт. Короосуна 3-4 баш кой багып, кичине азык-түлүк алып, аларды кайра сатып оокат кылышчу. Аман калган улуу баласы 17 жаштарда. Токмокко Бишкектен 10-15 жыл мурун көчүп барышкан.

Кырсык болгон күнү айт намазга жана башка жумуштарга кетишиптир», - деди ал.

Токмок шаарындагы үй өрттөнүп, 2 бала каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык шаардагы Ибраимов көчөсүндөгү үйдөн чыккан. Анын кесепетинен 95 чарчы метр турак жайдын 2 бөлмөсү, үй тиричилик буюмдары күйүп, 5 жаштагы Р. уулу Х. менен 3 жаштагы Р. уулу Н. каза болгон. Өрттүн чыгышына балдардын от менен байланышкан шоктугу себеп болгон.

Аталган үй-бүлөгө жардам берем дегендер 0775 42 22 06 номуруна чала алышат.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×