Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Чүй облусу, Токмок 22.08.2018 10:50 На русском

Токмок шаарында үй өрттөнүп, 2 бала каза болду (сүрөт)

Turmush -  Токмок шаарындагы үй өрттөнүп, 2 бала каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык шаардагы Ибраимов көчөсүндөгү үйдөн чыккан. Анын кесепетинен 95 чарчы метр турак жайдын 2 бөлмөсү, үй тиричилик буюмдары күйүп, 5 жаштагы Р. уулу Х. менен 3 жаштагы Р. уулу Н. каза болгон. Өрттүн чыгышына балдардын от менен байланышкан шоктугу себеп болгон.

Ал эми күбөлөрдүн айтымында, каза болгон балдар үйдө жалгыз калышкан.

«Эртеӊ менен жумуштары менен атасы да, апасы да бир жактарга кетишиптир. Үйдө балдарынын баары эле калган. Андан соӊ, маркум балдардын улуу байкеси да эшикке чыгып кетиптир. Ал дагы өз жумуштары менен кетсе керек. Ошол маалда чакан үйдө (времянка) 3 куту ширеңке чачылып жаткан экен. Балдар ошол ширеңке менен ойноп, каргаша окуя ошондон чыгышы мүмкүн. Окуя эртеӊ менен саат 10:00дө болду. Элдер ызы-чуу болуп, үй жалындап күйүп баштаганда эле куткаруу кызматы келип калды. Аларга телефон чалгандан кийин 15 мүнөттө келишти окшойт. Ал жакка милиция кызматкерлери да келишти. Эч кимди жакын жолотпой курчоого алышкан. Жаман окуя болду. Ата-энесинин абалы азыр аябай начар», - деп билдиришти тургундар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
1
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×