Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Чүй облусу, Токмок 17.08.2018 11:54 На русском

Токмокто жол көзөмөлдөөчүдөн качкан айдоочу ысык суу аккан түтүккө кыпчылып калды (сүрөт)

Turmush -  Токмок шаарындагы жашоочуларга ысык суу берилген түтүккө кыпчылып калган адам куткарылды. ӨКМ маалымдагандай, Токмок шаарындагы куткаруучулар өмүрүн сактап калган адам 1982-жылы туулган В.И. (эркек киши) экени такталган.

Окуя кечээ, 16-август күнү саат 08:00 чамасында болду. Ал эми күбөлөрдүн айтуусунда, куткарылган адам жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлерден качып барып, түтүктүн алдынан өтүүгө аракет кылган. Бирок андан өтө албай, кыпчылып калган.

«Милиция кызматкерлери унааны башкарып келе жаткан айдоочуну тоскондо токтобой кеткен. Артынан кууп чыкканда айдоочу Жеңиш жана Украина көчөлөрүнүн кесилишине унаасын таштап, өзү качып кеткен. Ал ысык суу кеткен түтүк менен жердин ортосунан сойлоп өтөм деп ойлогон. Бирок ортодо кыпчылып калыптыр. Аны милиция кызматкерлери чыгара албай, куткаруучулар чыгарды», - деди окуянын күбөсү.

Учурда ал айдоочунун абалы канааттандырарлык.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×