Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Чүй облусу, Токмок 16.08.2018 16:44

Токмокто кулатуу эр таймаш боюнча эл аралык турнир өтөт

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарында 25-август күнү кулатуу эр таймаш боюнча эл аралык турнир өткөрүлөт. Бул тууралуу WEF панкратион боюнча машыктыруучу Мирлан Усманов билдирди.

Анын айтымында, эл аралык мелдешке 30 мушкер катышат.

«Ал эми Токмоктон 7 мушкер күч сынашканы жатат. Нарын, Ош, Ысык-Көл облустарынын, Өзбекстан жана Тажикстандын спортчулары да катышат. Мелдешти "Барс Токмок" профессионалдык мушкерлер клубу Токмок шаардык мэриясы менен биргеликте уюштурууда. 24-августта шаардык аянтта мушкерлер салмакка түшүп, жазылып, ошондой эле көз караштар беттеши өткөрүлөт», - деди ал.

Мындай мелдештер учурда Кыргызстандын аймактарында өткөрүлүп жатат. Токмоктук мушкерлер Кара-Суу районунда өткөн мелдешке барып, алардын үчөө 1-орунду алып, дагы 3 спортчу 3-орун менен кайтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×