Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Чүй облусу, Токмок 15.08.2018 17:15

«Окуучу кезимде ууруну жалгыз кармагам»: Майор Г.Асаналиеванын түйшүктүү кызматы (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарынын 33 жаштагы тургуну, милициянын майору Гүлзат Асаналиева 11 жылдан бери ички иштер органдарында эмгектенип келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Милиция кызматкери болууну бала кезден кыялданган каарман мектепте окуп жүргөндө батирди тоноп, качып бара жаткан кызды колго түшүргөн.

«Ууруну өзүм жалгыз колго түшүргөндө мен жөнүндө аябай сөз болгон. Апамдын жакын курбусу батирин бир кызга таштап, өзү башка жакка кетиптир. Мен кокусунан ал кыз батирдин ичиндеги болгон оокат-жайды алып, таксиге жүктөп, түнү менен качып бара жаткан жеринен кармап калгам. Такси кызматында иштеген байкени жана кызды колго түшүргөм. Милиция кызматкерлери келгенче аларды токтотуп, кармап тургам. Кыз байкуш коркуп, бир бурчка отуруп калган эле. Ошондо көпкө "Гүлзат чоң ууруну кармады" деп милиция кызматкерлери, биз жашаган аймактын эли мен жөнүндө сөз кылышкан», - деди ал.

Өспүрүмдөр менен иштешкен Гүлзат Асаналиева: «Өз кесибимди абдан сүйөм жана рахат алуу менен иштейм. Биз көбүнчө ата-энесинен ажыраган, ата-энелери ичкен, кайырчы, үйүнөн качкан балдар менен иштешебиз. Жакшы жашаган, толук кандуу үй-бүлөнүн балдары көп терс кадамдарга бара бербейт. Бар, бирок аз. Көбүнчө аз камсыз, үй-бүлөсү толук эмес же ичкен адамдардын балдары менен иштешип, жардам беребиз», - деди.

Погончон айымдын айтымында, турмушка чыкканга чейин көз карашы башкача болчу. Ал балалуу болгондо жоопкерчиликти күчөтүү керектигин түшүнгөн.

«Өзүм турмушка чыгып, балалуу болгондо аларды карап, өзүмдү алардын ордуна кое баштадым. Менин балам менен тең экен. Балдарым ушундай болуп чоңойсо эмне болот деп ойлонуп, аларга да жардам бере баштайт экенсиң.

2009-жылы Токмокто көчөдө чачтары өскөн, кийимдери кир эки бала жүрчү. Биз алардын үйүнө барсак таенеси ооруп, төшөктө жаткан экен. Балдардын апасы көчөлөп жүрө берчү. Ошентип балдары каралбай калган. Үйдүн ичинде шарттар каралган эмес, тамак-аштары жок. Аларды 1-2 жылга балдар үйүнө котордук. Апасы 2 жылдын ичинде оңолбогондуктан социалдык кызматкерлер сотко кайрылып, энелик укуктан ажыратууга жүгүрө башташты. Мен андан кийин турмушка чыктым. Биздин милдет — начар үй-бүлөдөгү балдарды алып, аларды балдар үйүнө которуу. Ошондой эле ата-энелерин укугунан ажыратууга жардам берип, кыскасы балдарга татыктуу тарбия алууга шарт түзүп берүү. Бирок мен бул үй-бүлө менен аябай тыгыз иштеше баштадым. Балдардын апасы кийин турмушка чыкты. Алардын үйүн актап-сырдатып, килемдерин жуудуруп, тааныштарды ортого салып, аны жумушка киргиздим. Кээ бир жерин өзүм оңдоп, сүрөткө тартып, кошуналардан мүнөздөмө алып, баарын сотко көрсөттүм. Балдардын апасын энелик укуктан ажыратпоону сурандым. Жыйынтыгында соттун чечими менен балдар апасына кайтарылган.

Андан кийин социалдык коргоо кызматкерлери "биздин жумушка тоскоолдук кылып жатат" деп мага карата сунуштама жөнөтүшкөн. Буга карабай үй-бүлөнүн сакталып калышына жардам бердим. Учурда алар жакшы жашап жатышат. Бул окуя алар үчүн чоң сабак болду», - деди ал.

WhatsApp Image 2018-08-13 at 15.05.56

Гүлзат Асаналиева ИИМдин Академиясында билим аларда бою талап кылынган өлчөмгө жетпей калганда абдан капа болгон. Ата-энесинин башка окуу жайга тапшыруу сунушуна макул болбой койгон.

«Такыр окубайм, менин келечегим жок деп жүрдүм. Бир күнү кичи автобуста бара жатып милициянын формасын кийген киши менен таанышып калдым. Ал мага Бишкекте милиция кызматкерлерин даярдоочу мектеп бар экенин айтып жана спорт менен машыгууну сунуштады. Ал мектепке тапшыруу үчүн күнүгө машыгып, чуркап жүрүп, 2005-жылы Ж.Шабиров атындагы милиция мектебине киргем. Аны кызыл диплом менен аяктаган соң ошол эле жылы ИИМдин Академиясынын сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, ага удаа Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө жумушка кирдим. Ошентип эмгек жолум башталган.

Андан кийин 2007-жылы декабрь айынан тарта өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясында, 2014-жылы Токмок шаардык ички иштер бөлүмүндө эмгектендим. 2015-жылдан бери ушул эле шаардык ички иштер бөлүмүнүн өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын жетекчиси болуп иштеп келе жатам», - деди ал.

Ал жолдошу экөө тең ички иштер органдарында иштегендиктен чоң иш-чара болгондо таң атпай саат 4:00дө туруп, жумушка кетишет. Жумушка да, үйгө да жетишкен погончон айым: «Эртең менен 3 баланы бала бакчага жеткирип, тамак жасаш керек. Кайра үйгө келип, үйдүн жумушун жасайм. Бирок кудайга шүгүр, жолдошум экөөбүз тең жумуштан бошобой калганда балдарды бир туугандарыбыз, ата-энебиз карап турушат. Жолдошум Руслан Чомоев да милиция кызматкери. Ал дагы ИИМдин Академиясын аяктаган. Президент өткөндө же дагы башка эл аралык иш-чаралар болгондо таң атпай кетип, кеч келебиз. Жумуш чынында оор, бирок кесибиңди жакшы көрсөң оор экени сезилбейт», - деп кошумчалады.

WhatsApp Image 2018-08-13 at 15.05.55

Погончон айым 1985-жылы 19-сентябрда Токмок шаарында төрөлгөн. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын үчүнчүсү. Жолдошу экөө Атай, Рай, Али аттуу үч баланы тарбиялап жатышат.

«Тамактардан лагман жагат. Токмокто дунган, уйгур улутундагы адамдар көп. Алар менен аралашып өсүп калдык. Дасторкон жайганды, ар түрдүү тамак-аштарды, салаттарды жасаганды, кооз идиш-аяктарды сатып алганды жакшы көрөм. Ошондой эле бош убакта жөнөкөй тасмаларды көргөндү жактырам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×