Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Чүй облусу, Токмок 04.08.2018 14:51 На русском

Токмоктогу көрүстөндө киши колдуу болгон адамдын жансыз денеси табылды (сүрөт)

Turmush -  Токмок шаарынын Парковая көчөсүндө жайгашкан көрүстөндүн аймагында, тактап айтканда күмбөздөрдүн арасынан 21-июлда эркек кишинин денеси табылды. Анын жашы жана улуту белгисиз болуп жатканын Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Токмок ШИИБдин маалыматына караганда, эркек кишинин денесинде зомбулуктун белгилери болгон. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексиндеги 97-берененин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иш козголду.

Өзгөчө белгилери: бою 165-170 см, чачы кара жана кыска, оң акырегине операция жасалган.

Кийген кийимдери: кара түстөгү спорттук кийим, кара-көк түстөгү спорттук шым. Ошондой эле анын жанында боз түстөгү макалай жана кара бут кийим табылган.

Милиция каза болгон адамдын өздүгү же кылмыш тууралуу маалымат билгендерди 0 701 15-52-57, 0 312 60-72-26 (Токмок ШИИБдин нөөмөт бөлүмү) же 102 кызматына билдирип коюуну өтүнөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×