Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Чүй облусу, Токмок 04.08.2018 10:35

Токмокто тургундар ЖК депутатынан бир нече көйгөйлөрдү чечүүнү өтүнүштү (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарында 3-августта жергиликтүү тургундар менен Жогорку Кеӊешинин депутаты Эльвира Сурабалдиева жолугуп, чечилбей келе жаткан маселелерди талкуулашты.

Аймактык кабарчы билдиргендей, жолугушууга Токмок шаарынын мэри Данияр Амангельдиев, «Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция» уюмунун өкүлдөрү жана шаар тургундар катышты.

Анда жергиликтүү тургундарга 2017-2018-жылында аткарылган иштер боюнча маалымат берилди. Өз кезегинде жашоочулар Токмок шаарынын экологиялык абалы, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жана спортчулардын материалдык колдоого муктаждыгы, коррупция сыяктуу бир нече көйгөйлөрдү көтөрүп, Жогорку Кеңештин депутаты жана Токмок шаарынын мэри менен талкуулашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×