Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Чүй облусу, Токмок 03.08.2018 18:58

«Гаваиде» эс алуучуларды жыландар чагып жатат деген маалымат жалган, - Чүй ОИИБ

Turmush -  Интернет түйүндөрү аркылуу Токмок шаарындагы «Гаваи» эс алуу жайында уулу жыландар элге массалык түрдө кол салып жаткандыгы тууралуу маалымат жалган. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматты тактоо максатында тиешелүү мамлекеттик кызматкерлер аталган жайга барып, абал менен таанышкан.

«Биз бул боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп, мындай факты катталбаганы аныкталды. Кызматкерлер жерине барып, кароолчу жана эс алуу жайдын кызматкерлеринен маалымат алган. Ошондой эле ӨКМдин кызматкерлери да бул видео боюнча иликтөө иштерин жасашты. Саламаттыкты сактоо министрлигине чалып, Чүй облусу боюнча аймактык ооруканаларга акыркы 3 күндүн ичинде жылан чагып түшкөн бейтаптар болдубу деп сурамжылоо жасаганыбызда, алар дагы мындай бейтаптар түшпөгөнүн билдиришти», - деп айтылат ОИИБдин маалыматында.

Ал эми ӨКМдин Чүй райондук кызматы да жылан чакты делген жерге барып, териштирүү иштерин жүргүзүшкөнүн билдиришти. Жыйынтыгында мындай факты катталбаганы такталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×