Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Чүй облусу, Токмок 02.08.2018 13:47

Майып арабада отурган Тилектин кол өнөрчүлүк менен жуурулушкан жашоосу жана келечекке жетелеген кыялдары (сүрөт)

Turmush -  Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай оорукчан атасына кам көрүп, кол эмгек менен киреше тапкан Токмок шаарынын 14 жаштагы тургуну Тилек Алтымышевди элдин көбү билет. Анын жасаган буюмун экс-министр Кудайберген Базарбаев 7 миӊ сомго сатып алып, кийин 3 мүшөк балмуздак таягын алып келип берген. Тилектен аймактык кабарчы кабар алды.

«Ден соолугум үчүн эч кимге нааразы эмесмин. Болгону бутум басып кетсе деген тилегим бар. Атама, эжеме жардам берип, алардын кубанычына бөлөнсөм дейм. Учурда компьютердик татаал программаларга кызыгып, онлайн курстардан билим алып жатам. Кудай буюрса өнүккөн өлкөлөрдөгү чоӊ-чоӊ компаниялар тарткан мультфильмдерди мен да тартсам деп аракет кылып баштадым. Буга абдан кызыгып кеттим. Ал эми үй жасап, кол өнөрчүлүк кылууга аз убакыт бөлүп жатам. Адам баласы чоӊойгон сайын улам бир ачылышты жасап, башка өнөргө кызыгат окшойт.

Бош убактымда аквариумдагы кооз балыктарды караганды, эшикке чыгып досторум менен баарлашып, күлүп отурганды жактырам. Эмнегедир балыктарды жакшы көрөм. Мага ушул балыктарды аквариум менен чогуу журналист эжелер алып келип берген. Балыктар менин сырымды, муӊ-кайгымды же кубанычымды түшүнгөн сыяктуу. Мени бир карап сүзүп кетишет», - деди ал.

Тилек быйыл 8-классты үйдөн окуп аяктады.

«Мен №14 мектепте 8-класстын программасын окудум. Мугалимдер үйгө келип окутуп турушту. Классташтарым кээде үйгө келип кетишет. Алар менен жолугуп турам. Тасма жана мултьфильмдердеги башкы каармандар жагат. Ал эми тамак-аштардан лагман, бризоль сыяктууларды жакшы көрөм. Үйдө тамак-ашты эжем жасайт.

Үйдө азык-түлүк жакшы. Жашообузга нааразы эмесмин. Кудайым бизге жана элге бактылуу келечек берет деп ишенем. Атам айылга көчүп, мал баксакпы деп ойлонот. Өзү мал-жандыктарын жакшы көрөт. Мен да атамдын ушул тилеги орундалса дейм.

Бутумдун ооруганы дайыма сезилип турат. Кээде түн ичинде какшатып ооруп чыгат. Унаа кырсыктан кийин 2 жылдай басып жүрдүм. Кийин оорум күчөп кеткен окшойт, 7 жылдан бери баспай, минтип майып арабада отурам.

Апабыз бизден кеткен. Башында кабарлашып турчубуз. Андан кийин байланыш үзүлдү. Телефондон да байланышпай калдык. Менде анын номуру жок», - деди ал.

Тилек 2004-жылы Кемин районунда төрөлгөн.

«Атам болсо оор жумушка жарабайт, бели ооруйт. Ал кол өнөрчүлүгүмдө насаатчым, устатым болот. Кээ бир жерлерин карап, ушул жерин мындай кыл, тигиндей кыл деп үйрөтүп коёт. Учурда бир үйдүн моделин жасап жатам. Мынакей (колундагы макетти көрсөтүп). Чатырын бүтүп калдым. Мурда дүйнөгө атагы чыккан имараттарды жасасам деп кыялданчумун. Бирок алар өтө татаал экен. Жакында боло турчу Көчмөндөр оюндарына кол эмгектеримди алып барууга камданып жатам. Мурда элдер өздөрү баалап алышчу. Азыр болсо өзүм баа коюп сатам. Эӊ арзан кол эмгегим 500 сом, негизи 5000 сомго чейин сатып жатам. Кардарлар кез-кезде болуп калат.

Кошунабыз Марат Абдраевге ыраазымын. Ал жардам берип турат. Ушул байке мени интернетке чыгарып, ошондо мени журналисттер көрүп калышкан. Көбү мени "Архитектор болосуӊбу?" деп калышат. А, мен чынында кесипти ойлоно элекмин. Келечегим кеӊ. Буюрса бир кесипти тандайм», - деди ал.

Тилек менен (0551) 96 98 23 номуру аркылуу байланышууга болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×