Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Чүй облусу, Токмок 25.07.2018 10:05

Акыркы суткада өлкө аймагында 26 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 26 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 28 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 25-июлда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Токмок шаарынын Логвиненко көчөсүндө жайгашкан сарайдан өрт чыгып, анын кесепетинен 150 түк чөп жана 2 баш жылкы күйдү. Адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле электр чыңалуусунан улам Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айылында сарай өрттөнүп, 700 түк чөп, тактай жана генератор күйгөн. Адамдар жабыркаган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×