Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Чүй облусу, Токмок 20.07.2018 10:53

Токмокто футбол боюнча мелдеш уюштурулду (сүрөт)

Turmush -  Токмок шаарында мындан 6 жыл мурун каза болгон футбол сүйүүчүсү Азат Казаковдун жаркын элесине арналган футбол мелдеши өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга уюштуруучулардын бири Бектур Казаков билдирди.

«Мелдешти маркум Азат Казаковдун достору, бир туугандары уюштуруп өткөрдүк. Бул мелдеш жылда өткөрүлүп келет. 1988-жылы төрөлгөн Азат Казаков футболду абдан жакшы көрүп, ойногон балдарды ар тараптан колдоп, мелдеш уюштурууда да өз салымын кошуп келген. Анын жаркын элесине арналган мелдешке 12 команда катышты. Анда 1-орунду 1994-1995-жылкы балдар, 2-орунду 1996-жылкы балдар жеңсе, 3-орунду 1991-жылкы балдар камсыз кылды. Жеӊүүчүлөргө медаль, кубок берилип жана мыкты оюнчуларга дагы байгелер тапшырылды», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×