Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Чүй облусу, Токмок 18.07.2018 17:24

Токмоктун Сахзавод районунда эски канализациядагы саркынды суулар үйлөргө зыянын тийгизүүдө, - тургундар (видео, сүрөт)

Turmush -  Токмок шаарына караштуу Сахзавод районунун тургундары 30 жылдан бери каралбай калган канализацияларды тазалап, кайрадан ишке киргизүүгө аракет кылышууда. Бирок канализацияны оӊдоп-түзөөдө жергиликтүү элдин акча каражаты жетпей калган. Мындан улам алар калаа бийлигинен жана өкмөттөн жардам күтүшүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган райондун тургундары билдиришти.

Алардын айтымында, каралбай калган канализациялардагы саркынды суулар үйлөргө зыянын тийгизүүдө.

«Бул Токмок шаарына караштуу Сахзавод районундагы канализация 30 жылдан бери тазаланбай, кароосуз калып, иштен чыгып калган. Союз учурунда салынгандарды сактап калсак, жаӊы салганга караганда бир топ арзан болорун айтпасак да белгилүү эмеспи. Анын үстүндө мэриянын жаӊыртып салганга акча каражаты жок. Ушул райондун тургундары өз күчүбүз менен аны кайрадан иштеткенге аракет кылып жатабыз. Бизге өкмөттөн, мэриядан ушул канализацияны тазалап, кайрадан ишке киризүүгө жардам беришсе жакшы болот эле. Учурда 30-35тей люк өзүбүздүн күчүбүз менен тазаланды. Ичине акыр-чикир, таш, кум жана башканын баары толуп калган экен», - деп билдирди айыл тургундары.

Ал эми Токмок шаарынын мэри Данияр Амангелдиев бул канализациялар мэрияга карабаса да, тургундарга техникадан жардам берилип жатканын айтты.

«30 жылдан бери буга көңүл бурулбаптыр. Канчалаган кат, канчалаган кайрылуулар келген. Баары теӊ биздин баланста эмес деп баш тартышкан.

Союз учурунда аталган жердеги канализациялар заводго караган. Кийин ал завод жабылып, ошону менен канализациялар кимдир бирөөнүн карамагына өткөн эмес. Эми муну биз азыр карап жатабыз. Канализациялардын ээсин аныктап, андан кийин мэрияга өткөрүүгө аракет кылыш керек. Болбосо техниканы бөлгөнүбүз менен ага күйүүчү май куя албайбыз же жана башка жумуштарына акча каражат бөлө албайбыз. Азыр мен суу каналдын жетекчилиги менен сүйлөшүп, канализациянын картасын карап, кеңешүүнүн негизинде жергиликтүү тургундарга техника жагынан жардам берип жатабыз. Ошол жердин жашоочулары алгач "Техника бергиле, күйөөлөрүбүз өздөрү тазалайт" деп айтышкан. Андан кийин "Күйөөлөрүбүз тазалай албай жатышат, күнүнгө акча төлөп башка балдарга тазалатып жатабыз" дешти.

Эгерде канализациялар мэриянын балансында болгондо буга чейин эле бул маселе чечилмек. Албетте, түшүнүп жатам, бирок ар бир ишти биз мыйзам чегинде жасашыбыз керек да», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×