Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Чүй облусу, Токмок 18.07.2018 11:38

Токмоктогу бийликтин кызматкерлери арасында спорттун 9 түрү боюнча мелдештер өткөрүлдү (сүрөт)

Turmush -  Токмок шаардык мэриясынын жана шаардык структуралык бөлүмдөрдүн кызматкерлери арасында 9-июлдан 16-июлга чейин спорттун 9 түрү боюнча мелдештер өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Мэр Данияр Амангелдиевдин айтымында, аталган спорттук мелдештин башкы максаты — жергиликтүү бийликтин кызматкерлери арасында дене тарбияны өнүктүрүү.

«Спорт — бул ден соолуктун булагы. Спортту даӊазалоо максатында ушул иш-чараны өткөрүп жатабыз. Ошондой эле, мыкты оюнчулардан шаардык тайпаларды түзүү да максаты бар», - деди ал.

Жеңүүчүлөр тиешелүү даражадагы дипломдор, медалдар жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×