Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Чүй облусу, Токмок 17.07.2018 16:00

Токмоктогу ырчы А.Эгембердиева Соң-Көлдө өткөндө фестивалда баш байгени жеӊип алды (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарынын 36 жаштагы тургуну Алтынай Эгембердиева Нарында өткөн «Соӊ-Көлдүн ак таӊдагы шоокумдары» аттуу республикалык ыр-бий фестиваль-кароо-сынагында баш байгени жеӊип алды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Аталган сынакта ал сөзү Токтосун Турдубековго, обону Маматсабыр Туташбаевге таандык «Не сүйдүӊ» жана сөзү Бактыгүл Курманалиевага, обону Маматсабыр Туташбаевге таандык «Тирүүлүк» аттуу чыгармаларды аткарып чыкты.

«Аттуу-баштуу ырчылар катышып жатканда, баш байгени жеӊип аларымды күткөн эмесмин. Жок дегенде 2-орунду алам го деп ойлогом», - деди ал.

Аталган сынак 15-июль күнү өткөрүлгөн.

Чүй облусунун Токмок шаарынын 36 жаштагы тургуну Алтынай Эгембердиева 6 тилде ырдайт. Ал чыгармачылыкта 12 жылдан бери, ал эми билим берүү тармагында 15 жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келе жатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен өзүм 12 жылдан ашуун убакыттан бери чыгармачылык менен иштеп келем. Мындан тышкары билим берүү тармагында да 15 жылдай эмгектендим. Учурда Чүй райондук маданият борборунда жана "Ак-Бешим" бала бакчасында музыкадан сабак берип иштеп жатам. Мектепти аяктагандан кийин Токмок шаардык маданият колледжинен 3 жылдык музыкалык билимди алдым. Ошентип бүткүл өмүрүмдү чыгармачылыкка арнап келе жатам. Чыгармачылыкта үзүрлүү эмгектенип, бир топ ийгиликтерге жетиштим. Учурда 2 клип тарттырып, ондон ашуун чыгармаларды жаратууга жетиштик. Чыгармачылыкка келип калганымдын себеби, бала кезден кыялданчумун. Ошол кыялым ишке ашып келе жатат деп ойлойм. Ага улай ата-энем, туугандарымдын да салымы чоӊ. Кыргыз, орус, казак, англис, түрк жана өзбек тилдеринде ырдайм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×