Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Чүй облусу, Токмок 13.07.2018 19:04 Жаңыланды: 14.07.2018 12:05 На русском

Сүрөт — Чүйдө 22 жаштагы кыз башкарган унаа ала салып, 3 адам көз жумду (толукталды)

Turmush -  Кечээ, 13-июлда саат 13:00 чамасында Ысык-Ата районунун Ивановка айылындагы унаа кырсыктан 3 адам каза болду.

Чүй ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун кымсыздоо кызматынын маалыматына караганда, кырсыкка кабылган «Мерседес» үлгүсүндөгү унааны 22 жаштагы кыз Токмоктон Бишкек шаарын көздөй айдап келе жаткан. Унаанын ичинде 1972-жылы туулган эркек киши менен 4 жаштагы бала да болгон. Жолдон айдоочу башкарууну жоготуп, унаа бир нече жолу ала салып кеткен. Анын кесепетинен унаадагы 3 адам тең каза болгон.

Каза болгондор:

- 1972-жылы туулган К.П.Н.

- 1996-жылы туулган кыз П.А.

- 2014-жылы туулган Т.П.

Күбөлөрдүн айтымында, каза болгондор Токмок шаарында жашаган туугандар болушкан. Унаа 46 жаштагы К.П.Н.га таандык болгон.

attention

Ал эми ӨКМдин маалыматына караганда, кырсык Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 44-чакырымында болгон. Кырсык болгон жерге саат 14:46да ӨКМдин Токмок шаардык №21 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу барган. Алар унаага кыпчылып калган маркумдардын жансыз денелерин унаадан чыгарып милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Учурда бул кырсык боюнча иликтөө иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×