Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Чүй облусу, Токмок 13.07.2018 12:24

Токмокто мамлекеттик кызматкерлердин арасында футбол мелдеши өттү (сүрөт)

Turmush -  Токмок шаардык мэриясынын жана структуралык бөлүмдөрдүн кызматкерлери арасында бир жума бою спорттук мелдеш өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 9-июлда башталган мелдеш 16-июлда жыйынтыкталат. Кечээ, 12-июлда футбол боюнча мелдештин жыйынтыгы чыкты. Футболдук мелдеште жалпы 15 тайпа күч сынашты. Жыйынтыгында 1-орунду Кыргыз жылуулук филиалы, 2-орунду социалдык фонд, ал эми 3-орунду РЭСтин кызматкерлери жеңип алышты. Жеңүүчүлөргө кубок, медалдар жана ардак грамоталар тапшырылды.

Спорттук мелдеш жергиликтүү бийликтин кызматкерлеринин арасында спортту өнүктүрүү максатында уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×