Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Чүй облусу, Токмок 12.02.2018 10:49

Токмокто көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 10 адам эвакуацияланды

Turmush -  Токмок шаарындагы көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыкты, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалым болгондой, Жантаев көчөсүндө жайгашкан №3 көп кабаттуу турак үйдөгү батир өрттөнгөн. Алдын ала маалыматтарга караганда, өрттөнгөн жердин жалпы аянты 70 чарчы метрди түзгөн. Анын кесепетинен аталган көп кабаттуу турак үйдө жашаган 10 адам эвакуацияланды.

Учурда өрттүн келип чыгуусу иликтенип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×