Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Чүй облусу, Токмок 10.02.2018 12:10

Токмокто маданий парк курулат (фото)

Turmush -  Аймактарды өнүктүрүү жылына карата Токмок шаарында жергиликтүү бийликтин демилгеси менен маданий парк курулат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Токмок шаардык мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, парк өзүнө ар кандай эс алуу жайларды камтып, анда спорттук аянтча, теннисттик корт, аквапарк, бассейин, көӊүл ачуучу борборлору жана соода-сатык комплекстери курулат.

«Учурда парктын курулушу, жайгаша турган орду каралууда. Бул чоӊ долбоор инвестиция тартуу жолу менен курулат. Курулуштун максаты шаардыктардын активдүү эс алуусуна шарт түзүү, туристтик тармакты өнүктүрүү жана «Жаӊы доорго 40 адам» өнүгүү долбоорун ишке ашыруу болуп саналат», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×