Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Чүй облусу, Токмок 08.02.2018 16:48 На русском

Токмоктогу медициналык борбордо жердешинен 10 миң сом уурдаган аял кармалды

Turmush -  Токмок шаарында уурулукка шектүү делген аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, Токмок ШИИБге 7-февраль күнү 29 жаштагы жергиликтүү тургун И.А. арыз менен кайрылып, сырткы кийиминин чөнтөгүнөн 10 миң сом уурдап кеткен белгисиз жарандарга чара көрүүнү өтүнгөн. Окуя 2-февраль күнү саат 12:00 чамасында медициналык борборлордун биринде болгон.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин (уурулук) негизинде кылмыш иш козголгон. Токмок ШИИБдин кызматкерлеринин ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмышка шектелип 41 жаштагы жергиликтүү тургун Ч.А. (аял киши) кармалды. Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×