Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Чүй облусу, Токмок 08.02.2018 16:02

Жер алдынан чыккан суу Токмокто сатылып жаткан үйлөрдүн баасына кандай таасир берди? (фото)

Turmush -  Өткөн жылдын аягында Чүй районунун Чүй айылынын жана Токмок шаарынын аймагында жер алдынан чыккан суулардын деңгээли көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилип, тазалоо иштери жүрдү. Мындан улам эл арасында суу каптагандан кийин сатылып жаткан үйлөр арзандады деген сөздөр чыккан. Бул сөздүн чын-төгүнүн билүү үчүн аймактык кабарчы шаардыктарга кайрылды.

Сүрөттөрдүн автору Марат Абдыраев

Көп кабаттуу турак жайда жайгашкан батирин сатып жаткан Айжан Молдалиева суу каптаган райондордо үйлөр арзандашы мүмкүн экенин, ал эми кургак жерлерде үй баягыдай эле баа менен сатылып жатканын айтты.

«Арзандап кеткенин деле байкаган жокпуз. Мен 106-сериядагы батиримди сатып жатам. Мурдагыдай эле бааны коюп койдум. Ал эми суу Токмок шаарынын бардык жерин каптаган жок. Суу автобекеттин тегерегин, жер тамдарды каптады. Ошол жерлер арзандашы мүмкүн. Ал эми кургак жерлер баягыдай эле баа менен турат. Токмок өзүӊөр билгендей арзанчылык, берекелүү жер. Ошон үчүн көчүп келгендердин саны көбөйдү. Нарын, Ысык-Көл облусунан көп көчүп келишет», - деди ал.

Жеке ишкер Элчибек Эшенов Токмокто үйлөрдүн баасы мындан эки жыл мурун кандай болсо, азыр ошондой эле баа менен сатылып жаткандыгын белгиледи.

Элчибек Эшенов

«Токмокто үйлөрдүн баасы боюнча чоң деле өзгөрүүлөр болгон жок. Жакында эле менин өзүмдүн жакын агам Токмоктун бардык жагынан үй издеп жүрүп алды. Үйлөрдүн баасы эки жыл мурун кандай болсо, азыр ошондой эле баа менен сатылып жатат. Түшсө, ашып кетсе 20 миӊ долларлык үйлөр 2 миӊ долларга, 30 миӊ долларлык үйлөр 3 миӊ долларга түшүшү мүмкүн. Суу каптоо баага таасирин деле берген жок», - деди ал.

Токмоктук активист Марат Абдыраев арзан жана баасы асманды чапчыган үйлөр да бар экенин кошумчалады.

«Жашоочулар, сырттан келгендер Токмокто кайсы жерде үйлөр кымбат, кайсыл жеринде арзан баары эле билет. Арзан үйлөр да бар, ошол эле маалда баасы асманды чапчыган турак жайлар да бар. Мындай көрүнүш бардык эле шаарда болсо керек. Ал эми суу каптаган жерлерди айта албайм. Балким арзандаган чыгар», - деди ал.

Ал эми Токмок шаарынын мэри Жыргал Шамыралиев Токмоктон үй алууга суроо-талап көбөйгөнүн айтты.

жргал шамыралиев мэр

«Арзандап кетти деген жөн эле сөз. Акыркы учурда баа анчалык деле түшкөн жок жана көтөрүлгөн да жок. Баа мурдагыдай эле менен турат. Болжол менен көп кабаттуу үйлөрдүн 1 бөлмөлүүлөрү 10 миӊ доллардан, ал эми 2-3 бөлмөлүүлөр 15 миӊ доллардан өйдө. Эӊ кымбаттары 35 миӊ доллар же андан да кымбат болушу мүмкүн.

Ал эми суу каптагандан кийин үйлөр арзандады деген сөз жалган. Анткени суу тазаланды, ал келечекте коркунуч жаратпайт. Тескерисинче үйлөргө суроо-талап көбөйдү. Ички миграция жүрүп, көчүп келгендер бар. Мурда бизге Нарын жана Ысык-Көл облусунан гана көчүп келгендер болсо, азыр Ош, Жалал-Абад облустарынан да көчүп келгендер көбөйдү. Дунган эли да көбөйүп келе жатат. Мындан сырткары Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдү куруп жүрөн компаниялар Токмок шаарына да салабыз деп, иш кагаздары менен чуркап жүрүшөт. Бул эмнени билдирет? Демек кардарлар Токмокто бар экенин билдирет. Тактап айтканда өсүш бар», - деди ал.

Мэриянын маалыматына караганда, Токмок шаарынын элинин саны 1 жылда 2 миңге көбөйгөн. Учурда жалпы каттоодо 62 миӊ киши турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

16.01.2018Видео - Токмоктуктар жер алдынан чыккан суудан үйлөрүн сактаган кызматкерлерге ыраазычылык билдиришти
08.01.2018Токмок жана Чүй айылында суунун деңгээлин төмөндөтүү боюнча тазалоо иштери улантылып жатат
22.12.2017Токмок жана Чүй айылына Өзгөчө кырдаал режими киргизилди (фото)
24.11.2017Токмокто үйлөрдү каптаган сууну тазалоого техникалар жетишпей, иш жай жүрүүдө (фото)
22.11.2017Токмокто үйлөрдү каптаган сууну тазалоого айрым ишканалар каршы чыгышууда, - тургундар (видео, фото)
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×