Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Чүй

Токмоктук А.Иманбеков Кытайдагы футбол боюнча Азия чемпионатында мыкты оюн көрсөтүүдө (фото)

Turmush -  Токмоктук Адилет Иманбеков Кытайдын Тайбэй шаарында футбол боюнча өтүп жаткан Азия чемпионатында Кыргызстандын курама командасы менен бирге мыкты оюн көрсөтүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Токмок шаардык мэриясынан билдиришти.

«Биз сыймыктануу менен Адилеттин ийгиликтерин айта алабыз. Ал учурда Кыргызстандын намысын коргоп, Азия чемпионатында Кыргызстандын курама командасында ойноп жатат.

2-февралда биздин команда Ливан мамлекетинин командасы менен беттешип, теӊме-теӊ чыгышты. Оюндун акыркы мүнөттөрүндө топту акыркы болуп Адилет Иманбеков дарбазага киргизди. Ал эми 4-февралда биздин Кыргызстандын курама командасы Иордания менен ойноп, аларды 3:1 эсебинде утуп алышты. Бул учурда дарбазага топту Максат Алимов, Манас Абдрасул уулу жана токмоктук Адилет Иманбековдор киргизишти. Бүгүн акыркы турда биздин кыргыз футболчулары Таиланд мамлекетинин курама командасы менен күч сынашат. Биз аларга ийгилик каалайбыз», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Чемпионаттын регламентине ылайык, тайпалык раунддун жыйынтыгы менен ар бир тайпадан эки мыкты команда медаль үчүн ойноп, төртүнчү финалдык оюн жүрөт. Андан кийин оюн олимпиадалык система менен өткөрүлүп, Азия чемпионаты 11-февралда жыйынтыкталат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1142
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×