Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Чүй

Токмокто мыйзамсыз акча жасаган шектүүлөр кармалышты

Turmush -  Токмок шаарында ири суммадагы акча каражаттарын жасаган шектүүлөр кармалышты.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Чүй ОИИБдин жана Токмок ШИИБдин ыкчам кызматтарынын кызматкерлери тарабынан акча каражаттарын мыйзамсыз даярдоо жана сатууга шектелген жарандардын өздүгү такталган. Алдын ала маалыматтарга караганда, ушул жылдын февраль айынын башында шектүүлөрдүн бирөөсү жашаган Токмок шаарында жайгашкан жатаканалардын бири текшерилген. Жыгач шкафтан ири суммадагы жасалма акча каражаттар — 143 даана 500 сомдук, 3 даана 200 сомдук, 1 даана 100 доллар акча табылган.

«Аталган кылмышка шектүү катары окуу жайлардын биринде иштеген 1996-жылы туулган Н.Б. аттуу жаран кармалган. Алынган акча каражаттар соттук-техникалык экспертизага жөнөтүлгөн. Бул акча каражаттарын шектүүлөр түстүү принтердин жардамы менен жасап жүрүшкөн. Тергөөнүн жүрүшүндө 1992-жылы туулган А.у.А. аттуу дагы бир жаран кармалып, кароо жүргүзүү учурунда күрмөсүнөн 3 даана 500 сомдук жасалма акча каражаты алынган.

Бул кылмыш ишин дыкаттык менен текшерүү учурунда ыкчам кызматкерлер жасалма акча каражаттарын жасоо менен алектенген топту кармашкан. Андан сырткары, башка даректе жайгашкан үй дагы текшерилген. Кийинки ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери Токмок шаарында жайгашкан үйдү текшеришип, 158 даана 1000 сомдук, 20 даана 200 сомдук, 500 евро, 2 даана 100 доллар табылган. Алынган акча каражаттар компьютердин жана түстүү принтердин жардамы менен жасалган. Азыркы учурда топтолгон материалдардын негизинде иликтөө иштери жүрүп, ушул сыяктуу кылмыш иштеринин бети ачылууда. Мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаган жарандардын өздүгү такталып, тиешелүү чаралар көрүлүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 449
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×