Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Чүй облусу, Токмок 31.01.2018 10:17 На русском

Фото - Күрөөдөгү 1,2 млн сомдук үй толук өрттөнүп, жубайлар 5 кызы менен көчөдө калды

Turmush -  Токмок шаарынын тургуну Бектур Жумашевдин үйү толугу менен өрттөнүп, жубайы жана кыздары менен туугандарынын үйүндө жашап жатат. Өрт 27-январь күнү саат 07:00 чамасында чыккан.

Б.Жумашев аймактык кабарчыга билдиргендей, жакында эле үйдү банкка күрөөгө коюп, 1 200 000 сом насыя алган.

«Үйүбүз Токмок шаарынын Совет көчөсүндө жайгашкан. Окуя болгон күнү балдарыбыз менен Бишкек шаарында болчубуз. Үйдө апам жалгыз калган. Өрт учурунда апамды кошунабыз сактап калыптыр. Үйдүн ичинде акча каражаты да бар болчу. Биздин 5 кызыбыз бар. Учурда убактылуу Бишкек шаарындагы туугандарыбыздыкында жашап жатабыз.

Бул үйдү 2010-жылы сатып алып, ага бөлмөлөрдү кошконбуз. Жакында эле үйдү банкка күрөөгө коюп, 1 200 000 сом насыя алган элек. Эми эмне кыларыбызды билбей жатабыз. Кыйынчылыкты үй-бүлөм менен бирге жеңебиз деп ойлойм. Боорукер адамдардан жардам сурайм. Мындай кырсык эч кимдин башына келбесин», - деди ал.

Жабыркаган үй-бүлөгө жардам берүүнү каалагандар 055514746 жана 0550 55 29 50 телефон номурлары менен байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×