Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Чүй

Токмоктогу «Түнөк» жатак үйүндө 19 селсаяк баш калкалап жатат (фото)

Turmush -  Токмок шаарында туруктуу жашаган жери жок адамдарга атайын баш калкалай турган «Түнөк» жатак үйү иштеп жатат. Бул тууралуу аталган жайдын кызматкери Самарбүбү Аскарбекова билдирди.

Анын айтымында, жатак үйдө учурда 19 адам жашап жатат. Аларга күнүнө 2 маал ысык тамак берилет.

«Бул жерге үй-жайсыз же суук күндөрдө барар жери жок адамдар келип түнөшөт. Аларга түштө жана кечинде ысык тамак берилет. Ошондой эле, алар каалаган убакта чай ичсе болот. Учурда бул жерде 19 адам жашап жатат. Бир жумадан бери суукка байланыштуу 4 адам келди. Кээде өздөрү келишсе, айрым учурларда милиция кызматкерлери көчөдө үшүп калган адамдарды алып келишет. Ошондой эле, такси айдоочулары да ээрчитип келишет. Кайсы мезгил болбосун үй-жайы жок адамдарды кабыл ала беребиз. Көп кишиге ылайыкталган эмес, бирок суукта бардыгын батырганга аракет кылабыз. Адамдар түндө келсе да туруп кабыл алабыз», - деди ал.

Ушул жылдын 28-январында Токмок шаарынын мэриясы жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан туруктуу жашаган жери жок адамдарга рейд жүрдү. Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, рейддин жүрүшүндө туруктуу жашаган жери жок адамдар аталган жатак үйгө алынып келинди.

Жатак үйдүн телефон номуру: 0-703-210-497.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1261
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×