Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Чүй

6 баласын жалгыз баккан ат-башылык ата: Арак ичкен жубайы энелик укуктан ажыраган

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылында батирде алты баласы менен күн кечирген жалгыз бой ата Ишенбек Акматовдун үй-бүлөсү тууралуу Токмок шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгы билдирүү жасады.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, Ишенбек Акматов жана анын жубайы Перизат Бейшеналиева 2013-жылы Токмок шаарынын аймагында жашап, кийин 2015-жылы балдары менен чогуу Ысык-Ата районунун аймагына кетип, 2016-жылы кайра Токмокко келишкен. Алардын жашы жете элек балдары бир нече жолу Токмок шаардык жана Ысык-Ата райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунан чыгарылып, акырында аталган ата-эне интернат мекемесине токтолушкан. Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн жоктугунан Токмок шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгы балдарынын баарына документ алган. 2016-жылы алардын 5 баласы Чүй мектеп-интернатында, кичүү кызы Д.Б. майыптар үчүн республикалык адистештирилген балдар үйүндө болгон.

381177.796397daff39c571782aaa40d9177106

«Жашы жете элек балдардын апасы спирт ичимдиктерин колдонгондугу үчүн Токмок шаардык сотунун чечими менен энелик укугунан ажыратылган. Андан кийин Ишенбек Акматов балдарын өзүнө алып, окуган балдары №5 орто мектебине жайгаштырылган. Кийинчерээк И.Акматов Ат-Башы районуна балдарын өзү менен чогуу алып кеткен.

2007-жылы төрөлгөн кызынын майыптуулугуна байланыштуу турган жери боюнча Чүй райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан жөлөк пул чектелген. И.Акматовдун азыркы жашаган жери тууралуу маалымдама каттын жоктугунан аталган кызынын документи Чүй райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгында турат», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин жалгыз бой ата Ишенбек Акматов учурда Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылында батирде алты баласы менен күн кечирип жаткандыгын Turmush басылмасы маалымдаган. Ал аялы менен 2001-жылы баш кошуп, бирок кичүү кызы төрөлгөндөн кийин ажырашып кеткен.

Өзүнүн айтымында, аялы менен баш кошкон жылдары жакшы жашап, 2003-жылы экөө Казакстанга барып, мал багуучу болуп иштеп жүрүшкөн.

«Келинчегим Ак-Талаа районунан эле. Экөөбүз 2001-жылы баш кошуп, жакшы эле жашап жүрдүк. 2003-жылы Казакстанга барып иштедик. Ортодон балдарым дагы төрөлүп жатты. 2010-жылы Кыргызстанга келип, Токмок шаарында жашообузду улантып, турмуштун ысык-суугун бирге татып жүрдүк. Бирок аялым ичкиликке жакындай баштады. Башында анда-санда гана ичсе, кийин ичкени көбөйдү. Ошентип жүрүп, мындан бир жарым жыл мурда кичүү кызыбызды төрөгөндөн кийин балдардын баарын Токмоктогу балдар үйүнө өткөрүп жиберди. Андан соң экөөбүз эки жолго түштүк», - деди ал.

И.Акматов балдарын Токмок шаарындагы балдар үйүнөн 6 айдан кийин алганын кошумчалады.

«Балдарымды балдар үйүнөн кайра алдым. Чындыгында энеси жок балдарды жалгыз багуу бир топ түйшүктүү экен. 2017-жылдын ноябрь айында балдарымды алып, өзүм өскөн Кара-Суу айылына келдим. Ата-энем Токмок шаарына көчүп кеткендиктен өзүмө таандык турак үй жок. Мындан улам кароосуз калган ээн үйгө батирге кирип жашап жатабыз. Алты балам бар — 4 эркек жана 2 кыз. Алардын улуусу 15 жашта, кичүүсү 1,5 жашта. Балдарды карашууга улуу кызым жардам берет. Айылга келгенден бери кайдыгер карабаган айылдыктар ар кандай жардамдарын берип жатышат», - деди И.Акматов.

Анын алты баласынын үчөө мектепке, бирөө бала бакчага барат. Жакында эле ал балдарына жөлөк пул алууга тийиштүү документтерди топтоп, социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө өткөргөн. Учурда жалгыз бой ата айылдагы өзүнө таандык 50 сотых жерин жаз алды менен иштетип, дыйканчылык кылууга даярданып жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4394
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×