Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Чүй

Токмокто өз билемдик менен курулган балык чарбалардын айынан дренаждагы суунун нугу бурулууда, - Мамэкотехинспекция

Turmush -  Токмок шаарынын айрым тургундары дренаждык системаларынан өтүүчү сууну менчик жер тилкелерине буруп, өз билемдик менен балык чарбаларын куруп алышкан. Бул тууралуу өкмөттүн Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Токмок шаарынын О.Д. аттуу тургуну токой чарбасынан туристтик эс алуучу жай багытында ижарага алган жерге балык чарбасын куруп алган. Ошондой эле балык кармоочу жайдын тегерек-четин тосуп, суу өтүүчү коллектордун нугун бурган. Анын кесепетинен жер астынан чыккан суу коллектор менен кетпей калган. Мамэкотехинспекциянын инспекторлору эс алуу жайына багытталган жерди балык чарбачылыгына айлантып алган О.Д.га эскертүү беришкен. Мындан тышкары, жер тилкелерин ижарага берип жаткан Токмок шаарынын токой чарбасынын адистерине берилген жердин максаттуу пайдаланылбай жаткандыгына байланыштуу көрсөтмө берилди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1149
×