Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Чүй

Дзюдо боюнча Чүй облустук биринчиликтин жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Токмок шаарында өспүрүмдөр арасында дзюдо боюнча Чүй облусунун биринчилиги болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга машыктыруучу Советбек Тезекбаев билдирди.

Маалым болгондой, мелдеш Чүй облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгы тарабынан уюштурулду. Биринчиликтин жыйынтыгында 32 кг салмактагы Ысык-Ата районунун спортчусу А.Кубанычбеков, 35 кг салмактагы Кемин районунун спортчусу А.Сурантаев, 42 кг салмактагы Чүй районунун спортчусу А.Карабеков, 46 кг салмактагы Чүй районунун спортчусу Ш.Капабеков, 50 кг салмактагы Аламүдүн районунун спортчусу А.Максатов, Аламүдүн районунун спортчусу Т.Токтогулов, 60 кг салмактагы Сокулук районунун спортчусу Ч.Сагыналиев, 66 кг салмактагы Токмок шаарынын спортчусу М.Бактыбеков, 73 кг салмактагы Токмок шаарынын спортчусу Б.Саякбеков, 73 кг салмактагы Сокулук районунун спортчусу А.Пинчук, Аламүдүн районунун спортчусу А.Болотбеков 1-орунду алышты.

Дзюдо боюнча облустук биринчилик эгемен жылдардан бери Чүй облусунда алгач ирет өткөрүлдү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1518
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×