Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Чүй облусу, Токмок 22.01.2018 13:23

Фото — Токмокто христиандардын Ыйык чокунуу күнүндө суунун жанына боз үй тигилди

Turmush -  Токмок шаарында 19-январда христиандардын Ыйык чокунуу күнү белгиленди, деп билдирди Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Маалым болгондой, Ыйык чокунуу күнүнүн алкагында каалоочулар ыйык деп эсептелген сууга түшүү жөрөлгөсүн башташкан. Мындан улам шаардын жетекчилиги алдын ала коопсуздук чараларын көрүп, кийинип-чечинүү жана ысык чай ичүү үчүн суунун жанына боз үй орнотушту.

Христиандар ыйык сууга түшүүдө адам бардык күнөөлөрүнөн арылат деп ишенишет. Ал эми, Ыйык чокунуу жөрөлгөсү Иса пайгамбардын туулган күнү майрамдалган соң белгиленет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×