Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Чүй

Токмоктук Д.Ашыракунова Кыргызстандын чемпионатында коло тагынды (фото)

Turmush -  Шахмат боюнча Кыргызстандын чемпионатында Чүй облусу командалык эсеп менен 2-орунду жеңип алды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга шахмат боюнча спорт чебери, улуттук даражадагы калыс, шахмат сүйүүчүлөрүнүн арасында дүйнѳнүн вице-чемпиону жана Азия чемпиону, Токмок шаарында шахмат боюнча машыктыруучу Ислам Байысынов билдирди.

Анын айтымында, 1-орунду Бишкек шаарынын командасы багындырган.

«Аталган чемпионатка Токмок шаарынын 10 окуучусу жолдомо алган. Анын ичинен 2 окуучу акыркы турларда ооруп калып, катыша алышкан жок. Калган 8 оюнчунун ичинен Диана Ашыракунова коло медаль алды. Калган окуучуларым да жакшы көрсөткүчтөргө жетишти», - деди ал.

Кыргызстандын чемпионатына 6 жаштан 18 жашка чейинки 600 шахматчы катышкан.

Тема боюнча: Токмоктун он окуучусу шахмат боюнча Кыргызстандын чемпионатына катышып жатат (фото)

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1783
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×