Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Чүй

Токмоктогу мектептерде Дача СУдагы учак кырсыгында каза болгондор эскерилди (фото)

Turmush -  Бүгүн, 17-январда Токмок шаарындагы мектептерде Сокулук районунун Дача СУ айылында учак кырсыгында каза болгондорду эскерүү иш-чаралары өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чарада окуучулар, активисттер авиакырсыктан каза болгондордун элесине арнап ыр окуп жана видеотасма көрсөтүлдү.

«Көптөгөн окуучулар, алардын ата-энелери, мугалимдер бул кырсыкты өзүнүн кайгысы катары кабыл алышты. Ошол мезгилде айрым мектептердин парламентинин мүчөлөрү жабыркагандарга жардам көрсөтүүгө активдүү катышкан. Убакыт өтүп жатат, бирок кайгы кете элек», - деп айтылат маалыматта.

Иш-чаранын аягында бир мүнөттүк эскерүү жарыяланды.

Гонконг — Бишкек — Стамбул каттамындагы учак 2017-жылдын 16-январында саат 07:17 чамасында «Манас» аэропортуна жакын аймактагы үйлөрдүн үстүнө кулап түшкөн. Анын кесепетинен 39 адам каза болуп, 23 үй талкаланган. Каза болгондордун төртөө экипаждын мүчөлөрү, калганы жергиликтүү тургундар эле. Каза болгондордун эң кичүүсү 4 айлык ымыркай жана эки кош бойлуу келин бар. Айрымдар авиакырсыктан бүтүндөй үй-бүлөсүнөн айрылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1549
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×